Көк бөрү: Финалдык оюнда 300 комузчу жана 300 бийчи коштогон концерт болот

Автор -
269

Бүгүн Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында Бишкектин 140 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча турнирдин финалдык оюну болот.
Финалда Чүй облусунан Сары-Өзөн “Рассвет” жана Талас облусунун “Бакубат-Талас” командалары беттешет.

Үчүнчү орун үчүн Чүй облусунун “Арашан Бишкек” жана Өзгөн районунун “Көлдүк” курамалары беттешкен.

Эске сала кетсек, көк бөрү боюнча турнир 12 кураманын катышуусунда 22-апрелде башталган.

Иш-чаранын жабылуу аземи бүгүн, 28-апрелде саат 11:00дө “Ак-Кула” ат майданында Бишкек мэрия Албек Ибраимовдун катышуусунда болду.

Саат 15:00дө финалдык оюн болуп, анда төрт жеңил унаа ойнотулат. Иш-чара 300 комузчунун катышуусундагы “Маш ботой” күүсүнүн жана 300 бийчи кыргыздын “Кыргыз-бий”, “Жайлоо майрам” жана “Көчмөндөр ыры” бийлери менен коштолот.

Бөлүшүү