Кара-Ункур дарыясынын учурдагы абалы

Автор -
614

Базар-Коргон районуна караштуу Сейдикум айыл аймагындагы Кара-Үңкүр дарыясында 28-мартта суунун деңгээли көтөрүлүп, дарыяга жакын жайгашкан 50дөн ашуун турак жайларга жана 17 гектар үлүш жерди каптап кетүү коркунучу жаралган. Мындан улам ӨКМ кызматкерлери ал жерде убактылуу бекемдөө иштерин жүргүзүүдө. Учурда жалпысынан 6 техника иштеп жатат.

«Бирок мында жүрүп жаткан иштер убактылуу гана. Анткени дагы жаан жаап аба ырайы өзгөрсө, суунун деңгээли кайра көтөрүлүп, жээкти жайпап кетиши ыктымал. Кара-Үңкүр дарыясынын сол жээгин толук кандуу бекемдөө үчүн узундугу 400 метр, баасы болжол менен 30 миллион сом болгон дамба куруу зарыл», – дейт ӨКМ Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Матназаров.

Асилбек Акунов Кызыл-Ай айылында 22 жылдан бери жашайт. Анын айтымында акыркы 10-15 жыл ичинде дарыядагы суу нугунан ашып, анын турак жайына жакындап, болгону 30 метр гана аралык калган. Ал эле эмес анын жанындагы 50дөн ашуун турак жай, «Алтын-Була» пахта тазалоочу заводунун аймагын суу каптап кетүү коркунучу жаралат.

Ал эми Сейдикум айыл аймагынын жергиликтүү бюджеттен жыл сайын дал ушул дарыянын сол жээгин бекемдөөгө 400 миң сомдун тегерегиндеги каражат бөлүнөт. Бирок бул сумма аз болгондуктан, убактылуу гана бекемделип, кайрадан жыл сайын ушундай абал катталат.

Кошумчалай кетсек, 26-27-март күндөрү жаандан улам, 28-март күнү Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун деңгээли 75 кубка көтөрүлгөн. Анын натыйжасында өзгөчө кырдаал жарыяланган эле. Учурда абал турукташкан. Бирок бекемдөө иштери токтотула элек.

Бөлүшүү