Каракол шаарында алдамчылык үчүн шектелип Өзбекстандын жаараны кармалды

Автор -
388

Каракол шаардык милициясынын кызматкерлери тарабынан «көз тийгенден жандырамын» деген алдоо жолу менен жабырланычуулардан алтын эмеректерин жана уюлдук телефондорун алган 42-жаштагы Өзбекстан жараны кармалды.

8-февраль күнү белгисиз аял 45-жаштагы жергиликтүү тургунунун үйүнө келип жана ишенимине кирип, «көз тийгенди» жандырууну сунуштайт. Өзүнүн ырым-жырымын өткөрүү мезгилинде алдамчылык үчүн шектелип жаткан аял, ар түрдү үлгүдөгү төрт уюлдук телефондорун ээлеп алууга үлгүргөн.

Аталган факты боюнча Каракол ШИИБнүн тергөө кызматы тарабынан КР КЖКнын 166 («Алдамчылык») беренеси менен кылмыш иш козголгон. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Милиция кызматкерлеринин баамында алдамчылык үчүн шектелип кармалган аял, өзүнүн шакирттери менен дагы бир катар алдамчылык жолуна баргандары мүмкүн. Ошондуктан, Каракол шаарынын милициясы республикабыздын бардык жаарандарына кайрылышат, эгерде аталган аялдардын алдамчылыгына туш болсоңуздар 0500515115 уюлдук телефонуна, же болбосо 102 чалыңыздар.

Бөлүшүү