Караколдо 6 жаштагы баланы машина сүзүп кетип каза болду

Автор -
0

Каракол шаарында «Субару Форестер» үлгүсүндөгү автоунаа алты жаштагы баланы сүзүп кетти.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын облустагы басма сөз кызматынан билдиришкендей, бала оор жаракат алып, ооруканага жеткенде каза болуп калган.

«2-июнда саат 19:00 чамасында унаа 1985-жылы туулган айдоочунун автоунаасы Каракол шаарынын Жусаев менен Коенкөзов көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде 6 жаштагы бала чуркап чыгып, машиненин алдында калган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери башталды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү