Карыпбеков:Биз мамлекеттен берилген маалыматты эч тоскоолдуксуз берүүгө милдеттүүбүз

Автор -
229

Коомдук биринчи каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков депутаттардын «саясий каралоо, бир тараптуу маалымат кетүүдө» деген айыптоолоруна бүгүн, 6-июнда ЖКнын жыйынында жооп берди.

 «Биз мамлекеттен берилип жаткан маалыматты эч тоскоолдуксуз ошол боюнча гана берүүгө милдеттүүбүз. Мына, айтып жатасыздар, буларга акыйкаттуулукту, көз карандысыздыкты камсыз кылып бергиле деп. Кол астыңарда мыйзам бар. Ошол мыйзамга анда «мамлекеттик органдар КТРКнын редакциялык ишине таптакыр кийлигишүүгө тыюу салынат. Ал эми мамлекеттен каржы кепилдик түрдө берилет» деген норманы киргизиш керек»,-деп билдирди Карыпбеков.

 

Бөлүшүү