Карыяны унаасы менен сүзүп өлтүрүп алган аял милицияга өзү келди

Автор -
216

Чүй облусунун Ленин районунда белгисиз унаа 83 жаштагы карыяны коюп, изин суутуп кеткен. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, жол кырсыгы 20-апрель күнү 20:30дар чамасында болгон.

«Оор жаракатынан улам улгайып калган карыя дарыгерлер келгенге чейин көз жумган. Кийинчерээк 23.30дар чамасында Чүй облусунун жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери жол кырсыгынын белгилери катталган Honda FIT үлгүсүндөгү унааны табышкан. Бирок ичинде айдоочусу жок болгон», — деп жазылат маалыматта.

Бүгүн, 21-апрель күнү эртең менен 53 жаштагы айдоочу аял милицияга өзү келип күнөөсүн моюндаган.

Шектүүнүн айтымында, 21-апрелге караган түнү Бишкек — Алматы трассасы менен түштүк тарапты көздөй бара жатып абышканы сүзүп алып, коркконунан качып кеткен.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү