Кашкар Джунушалиевдин Россия Федерациясына болгон иш сапары аяктады

Автор -

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиевдин Россия Федерациясында болгон иш сапары аяктады. Кашкар Джунушалиев иш өзүнүн иш сапарында Россия Федерациясынын ички иштер министри полициянын генералы Владимир Колокольцев  менен жолугушту.

Эки өлкөнүн ички иштер министрлери баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, экстремизмге, терроризимге  жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү маселелерин,  ошондой эле эл аралык кызматташуунун келечегин талкуулашып,  кызыктуу болгон суроолор менен ой бөлүшүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Кашкар Джунушалиев  эки министрликтин кызматташтыгын бекемдөөнүн зарылдыгын белгилеп, бул жолугушуу эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө себеп болооруна ишеним көрсөттү.

Кыргыз Республиикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев иш сапарынын жүрүшүндө укук коргоо багыттындагы кыргыз-орус кызматташтыгы жаңы багытта иш алып барып,  эки өлкөнүн ички иштер органдарынын өз ара кызматташуусу жана кылмыштуулук менен күрөшүүсү жалпы кызыкчылык экендигин белгиледи.

Ошондой эле Кыргыз Республиикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев прьемер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча 2018-жылдын 16-июнунда Москва шаарында жол кырсыгынан жабыр тарткан жарандарга жана алардын туугандарына жолукту.

“Сиздердин эртерээк сакайып кетишиниздер,  кайсы учурда болбосун бизге келип эс алып дарыланып кетүүгө Кыргыз Өкмөтүнүн атынан чакырам.  Дүйнөдөгү бийик тоолуу жерлердин  бири болгон Ысык-Көлгө барып эс алып гана кетпестен, күч кубат топтоп жана жаңы досторду табасыңар деп ишенем”— деди Кашкар Джунушалиев.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлү Россиянын Москва шаары боюнча тергөө органдары менен  ыкчам байланышта болууда, ошондой эле ал жол кырсыгы боюнча кылмыш ишин обьективдүү изилдөөгө  жана укуктук жактан жардам берүү иш чараларын колго алууда.

Бөлүшүү