Казакстанда Домбыра күнү белгиленет

Автор -
0

Казакстанда мындан ары июлдун алгачкы жекшембиси Улуттук домбыра күнү катары белгиленет.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин Улуттук домбыра күнүн белгилөө тууралуу жарлыгы 13-июнда жарыяланды.

Жарлыкта бул күн «коомду улуттук маданиятты жана иденттүүлүктү сактоо жана кайра жаратуу идеасынын алдында бириктирүү максатында» киргизилгени айтылат.

Жарлык жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү