Кемероводо «Зимняя вишня» соода борборун бузуу иштери башталды

Автор -
256

Кемероводо бүгүн мурдагы «Зимняя вишня» соода борборунун имаратын бузуу иштери башталды. Бул тууралуу «Сибирь.Реалии» сайты кабарлады.

Имаратты бузуу чечими кырсыктан бир нече күн өткөндөн кийин кабыл алынган, бирок түрттүрүү иштери бүгүн гана башталууда.

Облус губернаторунун милдетин аткаруучу Сергей Цивилев алгач соода борбордун ээлери менен бир катар маселелерди жөнгө салып алуу керек болгонун айтты.

«Мында имаратка ээлик кылган бир канча топ бар: негизги топ — бул имаратты кайтарымсыз негизде шаарга өткөрүп берүүгө макул болуп, тиешелүү кагаздарга кол коюп бергендер. Дагы бир нечеси аны өз каалоолору менен бере тургандыктарын айтышты. Имараттын калган ээлери менен дагы маселе чечилет», — деди ал.

Соода борборду бузууга кетчү чыгымдардын баарын имаратты шаардын балансына өткөрүп берүүгө макул болгон «Зимняя вишнянын» ээлери өзүлөрүнө алган. Бирок имараттын айрым ээлери аны бузууга макул эмес, ошондуктан соода борбордун имаратын шаарга берүү тууралуу акыркы чечим кабыл алына элек.

Жалпысынан мурдагы соода борбордун аймагындагы 7 имарат бузулат. Бийлик бул иштердин канчага созула турганын тактаган жок. Бирок «Сибирь.Реалии» басылмасынын маалыматы боюнча алар эки айдын ичинде бүткөрүлүшү керек.

«Зимняя вишня» соода борборунда өрт 25-мартта болгон. Расмий маалыматтар боюнча анда 60 киши, анын ичинде 40тан ашык бала каза болгон.

 

Бөлүшүү