Кен байлык чыккан жерде кирешенин 2%ы аймактын керектөөлөрүнө жумшалууга тийиш

Автор -
384

Депутат Руслан Казакбаев Нарын областындагы райондордун акимдеринен региондорду өнүктүрүүнүн алкагындагы пландарын талап кылып, алардын  аткарылышына көзөмөлдүктү күчөтүшүбүз керек, — дейт бүгүн, 22-июнда “Республика – Ата Журт” парламенттик фракциясынын Нарын областында өткөн көчмө жыйында.

Депутат ошондой эле чет элдик инвестиция келмейинче ички инвестицияга таянып ишти жетиштүү деңгээлге жеткире албайбыз, — дейт.

“Жайлоо балдар бакчасы” эң көп ачылган аймак дагы Нарын областы. Бул тууралуу жасалып жаткан жакшы иштер да тааныштырылды.

Регионду өнүктүрүү жолдорун талкуулаган фракция жыйынында жергиликтүү эл мектеп, ФАП курулуштары, жол салуудагы көйгөйлөр менен көпүрөлөрдүн таландыга түшкөн абалын айтышты. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын багып олтурган энелердин оор турмушу да көз жаздымда калган жок.

Көчмө жыйындын чечими менен тааныштырган фракция лидери Жыргалбек Турускулов, — түндүк – түштүк жолунун 3-фазасы башталбай жаткандыгы такталсын деп өкмөткө тапшырма берилгендигин айтты. Чакан, орто ишкердиктерди колдоо, инвестиция тартуу, иш орундарын түзүүдө жеңилдетилген каржылоо иштери банк тармагына табышталарын билдирди. Соң – Көл көлүнүн аймагын экологиялык жактан текшерүү иштери жандандырылсын, — деген пункттар фракция чечимине кошумчаланды. Кен байлык чыккан жерде кирешенин 2%ы аймактын керектөөлөрүнө жумшалсын деген пикирлер да чечимде камтылды.

Фракциянын көчмө жыйынына депутаттар Руслан Казакбаев, Бактыбек Райымкулов, Таабалды Тиллаев, Акылбек Жамангулов, Алиярбек Абжалиев, Тариэл Жоробеков, Абдыбек Дюшалиев, Калдарбек Баймуратов, Айбек Алтынбеков катышты.

Ошондой эле иш чарага аталган Нарын областынын активдери, ишкер коомчулуктун өкүлдөрү, эксперттер келишкен.

Бөлүшүү