ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Автор -

ӨКМ басма сөз кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-майда туруксуз аба ырайы күтүлөт, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Бөлүшүү