ӨКМ башчысы Нурболот Мирзахмедов Ош облусунда иш сапар менен жүрөт

Автор -
286

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Ош облусуна болгон иш сапарын Араван районунан баштады,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2018-жылдын 30-майында ӨКМ башчысы Нурболот Мирзахмедов Ош облусундагы сел, суу ташкындарынан кооптуу аймактарды жеринен көрүп, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу максатында иш сапарда жүрөт.

Иш сапардын жүрүшүндө министр Нурболот Мирзахмедов Араван районунун Мангыт айыл аймагынын Кесек, Кызыл-Коргон айылдарындагы, А.Анаров айыл аймагынын Маданият айылындагы Араван-Сай дарыясынын нугун жеп жаткан жээктер менен таанышып чыкты.

Министр Н. Мирзахмедов абалды жеринен көрүп, министрликтин өндүрүштүк-техникалык башкармалыгынын башчысы Халилжан Маллаевге жана Министрликтин Ош облустук башкармалыгынын башчысы подполковник Сабирдан Курбанбаевге аталган аймактарда жээкти коргоо боюнча алдын алуу жумуштарын жүргүзүү боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.

Маалымат үчүн: Араван дарыясы Маңгыт, А.Анаров, С.Юсупова, Нурабад жана Тепе-Коргон айыл өкмөттөрүнүн аймактарынан аралап өтөт. Араван-Сайдын узундугу 48км, 7630га жакын эгин аянттарын жана үлүш жерлерин сугат суу менен камсыз кылат. Суу өткөрүмдүүлүгү 150м3 секунд. Аравансайдын жээктеринде 1460 жакын кожолук жашайт.

Бөлүшүү