ӨКМ: Шашылыш билдирүү! Дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлөт

Автор -
253

2018-жылдын 26-апрель күнү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга байланыштуу ӨКМ, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүгө чакырат.

 

 

 

Бөлүшүү