Өкмөт башчы Душанбеге учуп кетти. Кимдер коштоп барат? (тизме)

Автор -
230

КР өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Душанбеге Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн учуп кетти.

Сапардын алкагында бүгүн, 31-майда Абылгазиевдин Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев, Казакстандыкы – Бакытжан Сагинтев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулло Арипов менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны эртең, 1-июнда болот.

Кеңешмеде КМШ алкагындагы экономикалык жана гуманитардык өз-ара аракеттешүүнүн актуалдуу аспектилери жана кызматташуунун башка багыттары талкууланмакчы.

Кеңешме эки форматта өтөт. Тар курамда Өкмөт башчылар Тейлөөнү эркин сатуу тууралуу келишим долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу пикир алмашат. Кеңири курамдагы талкууда катышуучулар тарабынан Энергетиканы инновациялык өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык жана алдыңкы энергетикалык технологияларды иштеп чыгуу концепциясына жана аны ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги Иш-чаралар планына, КМШга мүчө-мамлекеттердин интеллектуалдык менчик рыногун уюштуруу жана өнүктүрүү жөнүндө келишимге кол коюусу пландаштырылууда.

Буга катар гуманитардык блокто «КМШ үчүн 100 идея» Эл аралык жаштар долбоорунун талкуусу өтөт.

Жалпысынан КМШ ӨБК жыйынынын күн тартибинде 14 маселе каралмакчы.

КРнын делегациясынын курамында;

— Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев;

— Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков;

— Экономика министри Олег Панкратов;

— КРдин Тажикстандагы элчиси Мирослав Ниязов;

— КРдин Беларусиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев;

— Өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Шамильбек Асымбеков;

— Өкмөттүн Аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков,;

— Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Айбек Омокеев;

— Кыргыз Республикасынын КМШ экономикалык кеңешинин алдындагы экономикалык маселелер боюнча комиссиясынын өкүлү Зина Асанкожоева.

Бөлүшүү