Өкмөт башчынын кортежин коштогон 2 унаа кырсыкка учурады

Автор -
205

Кечээ, 7-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди коштоп жүргөн кортеждеги 2 унаа — «Тойота Лэнд Крузер 200» жана «Лексус LX570» унаалары кырсыкка учурады. Бул тууралуу  «turmush»  агенттиги жазып чыкты.

Кырсыктан адам жабыркаган эмес. Окуя Өзгөн районунун аймагында болгону айтылууда.

Премьер-министр кечээ Жалал-Абад жана Ош облусуна иш сапары менен келген болчу.Жумушчу сапарынын жүрүшүндө 2017-жылдын 29-апрелиндеги жер көчкүдөн жабыркаган Өзгөн районунун Аюу айылынын тургундары менен жолугушкан.

Бөлүшүү