Өкмөт башчынын Ошко болгон иш сапары интернетте талкууга алынды (Видео)

Автор -
0

Бүгүн Бишкек-Ош аба каттамы боюнча учкан жүргүнчүлөр өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен чогуу учушту. Мындай кабар социалдык тармактарда пайда болуп, интернет колдонуучулары тарабынан талкууга алынды.

 «Бүгүн Бишкек-Ош каттамы боюнча саат 07:30 чамасында учкан жүргүнчүлөр премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен чогу учушту. Ал иш сапары менен келиптир. Өкмөт башчы самолёттон 10 мүнөткө жетпей түшүп кетти»,-деп жазган Элвира Акимова аттуу фейсбук колдоонуучусу.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-майда, Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү