КМШ алкагында жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Автор -
330

Сооронбай Жээнбеков «2013-жылдын 25-октябрында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин алкагында жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 25-январында кабыл алынган.

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин алкагында жашыруун маалыматты сактоо тууралуу макулдашуу КМШ органдарына бул уюмга мүчө мамлекеттерине берилүүчү жашыруун маалыматты сактоо чөйрөсүндөгү укуктарды, милдеттерди жана жоопкерчиликтерди бекитүүгө багытталган.

Макулдашууда КМШ органдарынын алкагында кызматташуунун жүрүшүндө колдонулуучу маалыматтын жашыруундук даражасы, жашыруун маалыматты сактоо жана аны берүү чаралары аныкталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүү