КР Президентинин жаңыланган сайты иштей баштады

Автор -
269

Кыргыз Республикасынын Президентинин жаңыланган расмий сайты иштей баштады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын расмий сайтынын жаңылоо зарылчылыгы биринчи кезекте технологиялардын өнүгүшүнө байланыштуу болду. Сайттын жаңы версиясы компьютер, ноутбук, уюлдук телефондордо жана планшеттерде да иштейт.

Жаңы сайтта негизги басым маалыматтын окумдуулугуна жасалды, ошондой эле фотогалереяны баардык түзүмдөргө жүктөп алууга мүмкүнчүлүгү түзүлдү, иш кагаздары, фото жана видео материалдар менен иштөө жөнөкөйлөштүрүлдү.

Мындан тышкары, “жарандардын кайрылуусун” кабыл алуу системасы жөнөкөйлөтүлүп, бир нече графаларды толтуруу менен кайрылууну жөнөтүү мүмкүн болду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин сайты 2008-жылдан бери алгачкы ирет акыркы технологияларды колдонуу менен иштелип чыкты.

Сайт мурдагы дарек боюнча жеткиликтүү: www.president.kg

Бөлүшүү