КР жараны башка бирөөнүн паспорту менен Стамбулга учууга аракет кылган

Автор -
270

Кыргызстандын жараны башка бирөөнүн паспорту менен Стамбулга учууга аракет кылган.

КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнүн билдирүүсүнө ылайык,  2018-жылдын 15-майында «Манас-аэропорт» өткөрмө-көзөмөл пунктунун чек ара кызматкерлери мамлекеттик чек ара бузган Кыргызстандын жаранын кармашкан.

Бишкек-Стамбул каттамы боюнча багыт алган №7706 авиарейсин каттоо учурунда 1989-жылы туулган КР жараны «Э.Т.» башка бирөөнүн чет өлкөгө чыгуучу паспортун көрсөткөн. Ал жумуш издөө максатында Түркияга кетүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер түзүлүп, кармалган жаран КР УКМК кызматкерлерине өткөрүп берилди.

 

 

Бөлүшүү