КТРКнын жетекчиси менен каржы министринин орун басары  кайым айтышты

Автор -
0

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков менен каржы министринин орун басары Улукбек Карымшаков кайым айтышты.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Илим Карыпбеков КТРК үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражат акыркы 5-6 жылдан бери өзгөртүүсүз которулуп жатканын айтты.

Анын мындай сөзүнөн кийин каржы министринин орун басары Улукбек Карымшаков Карыпбековду «калпычы» атады.

«Илим Майрамбекович «каражат көбөйбөй жатат» деп калп айтып жатат. 2015-жылы 400 миллион сом, 2016-жылы 430 миллион сом, 2017-жылы 475 миллион 300 миң сом бөлүнгөн», — деди Карымшаков.

Каржы министринин айтканына Илим Карыпбеков жооп кайтарып, көбөйтүлүп бөлүнгөн каражаттын себебин түшүндүрдү.

«Бул киши санды карап алып эле айтып жатат. Чынында эки жыл көбүрөөк берилген. Себеби Орусиянын каналы РПО РМТРге 80-90 миллион сом карыз болуп кеткен. Ошондо президенттин жарлыгы менен ал акчаны КТРКга которуп беришип, КТРК аркылуу төлөшкөн. Биздин айлык, башка төлөмдөрүбүз бир тыйын да көбөйгөн жок. Көчмө студияны биз ссудага алганбыз. Акчасын ай сайын кайтарып берип жатабыз. Тактап алып маалымат бериңиз, мени калпычы кылбай», — деп жооп кылды Карыпбеков.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү