Кубатбек Боронов: Акыркы жылдарда жол кырсыгы он эсеге көбөйдү

Автор -
0

Жогорку Кеӊеште жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өкмөттүк саат өтүп жатат. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун берген маалыматына караганда, жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү Бишкек – Ош автожолунда айдоочулардын күнөөсүнөн улам болууда.

«Акыркы 10 жылда жол кырсыгынан каза болгондордун саны 2 эсеге көбөйгөн. 2017-жылы 907 адам каза болгон. Катуу ылдамдыкта айдоодон улам 337 адам көз жумса, каршы тилкеге чыгуудан улам 124 адам жашоо менен коштошкон. Ал эми алкоголдук ичимдик айынан да жол кырсыгы көп катталып, андан 58 адам каза болгон. Республикадагы жол кырсыктарынын 57,1 пайызы Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жолдоруна туура келет. Өлкөдө 616 жол чырак объектиси бар. 2017-жылы жол эрежесин бузуудан салынган айып пул 386 миллион сомго жетти»,-деп билдирди Боронов.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү