Курил аралындагы кыргызстандыктардын жарымы ишин улантууга макул болду

Автор -
226

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусиянын Сахалин облусунда иш таштаган кыргыз жарандарынын көпчүлүгү талаптарынан баш тартып, курулуш объектилериндеги иштерин улантууга макул болушту.

Кыргызстан ТИМинен билдиришкендей, Орусиядагы кыргыз элчилиги Сахалин облусунун тийиштүү органдарына кайрылган соң, жумушчуларга эки айдан бери айлык төлөбөгөндүгү үчүн «СПИРО» компаниясынын жетекчилигине кылмыш иши козголду.

Маалыматка караганда, текшерүү иштеринин жүрүшүндө 45 жумушчуга төлөнө элек акчанын суммасы 633 миң рублга жеткени аныкталган.

Жергиликтүү депутаттардын, муниципалитет жетекчилеринин жана жумуш берүүчү тараптын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, кыргыз жарандарынын негизги бөлүгү койгон талаптарынан баш тартып, курулуш объектилериндеги иштерин улантууга макул болушкан. Компаниянын жетекчилиги жумушчулардын айлыктары жакынкы күндөрү төлөнүп бериле тургандыгын убадалады.

Кыргызстандыктар Курил аралында ижарага берилчү эки үйдүн жана спорттук комплекстин курулушунда иштешет. 50гө жакын куруучу 19-майда иш таштап, компаниядан айлык боюнча карыздарын төлөп берүүнү талап кылышкан.

 

Бөлүшүү