Кыргыз-Кытай чек арасы 4 күнгө жабылат

Автор -
302

Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Кытай тараптын сунушу менен 15-июндан 18-июнга чейин «Эркечтам» жана «Торугарт» көзөмөл өткөрүү-бекеттерине убактылуу чектөө киргизилет.

«Каттам кайра 19-июндан тарта жанданат. Мындай чектөө Орозо айт жана Дуань-у цзе — беш эсе көп (поэт күнү) майрамдарына байланыштуу»,-деп айтылат маалыматта.

 

Бөлүшүү