“Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Автор -

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2018-жылдын 19-апрелинде кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу мамилелери өзүнчө «Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынгандыгына байланыштуу «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу боюнча ченемдерди алып салуу болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бөлүшүү