Кыргыз спортчулар көркөм гимнастика боюнча Азия чемпиондугуна катышат

Автор -
383

Көркөм гимнастика боюнча Кыргыз курама командасы Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-апрелден 2-майга чейин Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өтө турган өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнөн 5 спортчу катышат.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

Сауле Ашимова — спорт чеберине талапкер;

Айша Изабекова — спорт чеберине талапкер;

Аяна Усубалиева — спорт чеберине талапкер;

Агата Быковская — спорт чеберине талапкер;

Карина Капканец — спорт чеберине талапкер;

Машыктыруучулар: Жаңыл Каймазарова жана Ирина Сторчевая.
 

Бөлүшүү