Кыргыз жараны Өзбек жаранын жеңил унаага жашырып чек арадан алып өтүүгө аракет кылган

Автор -

Кыргыз жараны Өзбек жаранын жеңил унаанын жүк салган бөлүгүнө жашырып чек арадан алып өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Кечээ, 6-майда Баткен облусундагы «Ак-Кыя» көзөмөл өткөрүү бекетинде чек арачылар 32 жаштагы К.А. аттуу Кыргыз жаранынын унаасын текшерүүгө алышкан.

«Кыргыз жараны унаасынын жүк салган бөлүгүнө Өзбек жаранын жашырып алып өтүп бара жатканы белгилүү болгон. Сурак учурунда Өзбек жараны анын көзөмөл өткөрүү бекетинен өтүү үчүн керектүү документтери жок болгондуктан ушундай кадамга барганын айткан»,-деп жазылат  маалыматта.

Бөлүшүү