Кыргызстанда 2 миң сомдук банкнота эл аралык сынактын жеңүүчүсү болду

Автор -
697

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган 2000 сом номиналындагы эстелик банкнот Борбордук жана Чыгыш Европа, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн ичинде 2018-жылдын регионалдык эң мыкты банкноту абройлуу эл аралык сынагынын жеңүүчүсү катары аныкталды.

Ал 2017-жылдын 17-ноябрында жүгүртүүгө сунушталып, өлкө тарыхындагы бир катар маанилүү окуяларга: Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына, Улуттук банктын түптөлүшүнүн 25 жылдыгына, ошондой эле улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылышынын алдыда күтүлүп жаткан 25 жылдык мааракелерине арналып чыгарылган.

Эстелик банкнот татыктуу болгон эл аралык маанидеги сыйлык өзгөчөлөнгөн дизайн, көркөм жасалгалоонун алкагында учур талабына жооп берген коргоо элементтеринин айкалышта колдонулушу, ошондой эле технологиялык жасалгаланышы жана коргоого алынышы өзгөчөлүгү үчүн ыйгарылат. Мында айрыкча, маданий мурастын, жалпы дизайндын жана эмитент-өлкөнүн өзгөчө белгилеринин чагылдырылышына көңүл бурулат.

Регионалдык эң мыкты банкнот сынагы жыл сайын өтүүчү жогорку коргоо элементине ээ басылмалар боюнча эл аралык конференциянын (High Security Printing) алкагында Варшава шаарында, Польша 2018-жылдын 19-21-февралында өткөн. High Security Printing – бул, банкнотторду, башка баалуу кагаздарды басып чыгаруу, алардын коргоо элементтери маселелерине арналган ар жылы өтүүчү таасирдүү регионалдык конференция болуп саналат.

Бөлүшүү