Кыргызтан менен «БТА Банк» акционердик коомунун ортосундагы арбитраждык талаш жөнгө салынды

Автор -
0

Кыргызтан менен «БТА Банк» акционердик коомунун ортосундагы арбитраждык талаш жөнгө салынды, деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

Эске салсак, 2011-жылы «БТА Банк» Кыргызтанга карата Гаагадагы Туруктуу арбитраждык сот тарабынан башкарылган эл аралык инвестициялык арбитражга КР өкмөтүнүн жана башка жактардын мыйзамсыз аракеттери тууралуу доо арызын берген, «БТА Банк» билдиргендей, жогоруда аталган жактар Кыргыз Республикасындагы «БТА Банктын» туунду банкындагы доочунун 71% акциясын мыйзамсыз экспроприациялаган. «БТА Банктын» пикири боюнча, бул Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын өкмөттөр аралык инвестицияларды өз-ара коргоо тууралуу келишимдин бузулушуна алып келген. Доонун суммасы $75 млн түзгөн.

2018-жылдын мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана «БТА Банк» жогоруда аталган талашты тынчтык жолу аркылуу толугу менен жөнгө салды жана арбитраждык өндүрүш токтотулду.

Тынчтык келишимине ылайык, талаш Кыргыз Республикасынын кандайдыр-бир жоопкерчилиги таанылбастан жана Кыргыз Республикасы тараптан кандайдыр-бир компенсация төлөнбөстөн жөнгө салынып жана арбитраждык өндүрүш токтотулду.

Талаштын тынчтык жол менен жөнгө салынышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн активдүү иш-аракеттеринин натыйжасы катары болгондугун белгилейбиз.

Тынчтык келишиминин шартына ылайык, «БТА Банк» учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун менчигинде турган өзүнүн туунду банкынын 7,7 пайыз акциясын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунан рынок баасы боюнча сатып алууга милдеттендирилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү