Кырсык: Кара-Суу жана Кадамжай шаарында сууга чөккөн 2 киши изделүүдө

Автор -
275

Кара-Суу районунун Эрин айылындагы Савай каналына түшүп кеткен 49 жаштагы жаран изделүүдө.

ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, окуя 14-майда болгон. Издөө иштерине беш милиция, алты куткаруучу жана жергиликтүү 20дай киши тартылган. Тилекке каршы, издөө аракеттеринен жыйынтык болгон эмес.

«Баткен облусунун Кадамжай шаарынын Болничный көчөсүндөгү сууга бир эркек адам чөгүп кетти. Жеринде төрт куткаруучу иштеп атышат. Издөө иштери бүгүн, дагы жүрөт»,-деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү