Кырсык: Кара-Суудагы чыккан  өрттөн үй, дүкөн жана чайхана күйүп кетти 

Автор -
215

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Фуркат айылында турак жай жана дүкөн күйүп кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдирмесине ылайык, өрт кечээ, 15-майда болжол менен саат 21:00 чамасында катталган. Ынтымак көчөсүндөгү №1 дарегинде орун алган үйдөн өрт чыгып, жалпы аянты 136 чарчы метр турак үй жана дүкөн толугу менен өрттөнгөн.

Мындан сырткары жанаша жайгашкан «Кызыл-Суу» чайканасынын 40 чарчы метр чатыры күйгөн. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Өрттү өчүрүү үчүн 5 бөлүм жана куткаруучулардын ыкчам-тобу тартылган. Андан тышкары кырсык катталган жерге 25 милиция кызматкери, тез жардам тобу жана РЭТ ишканасынан 1 бригада тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 22:23тө чектөөгө алынып, саат 23:58де толугу менен өчүрүлгөн. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

 

Бөлүшүү