Кытайда окуучуларга кол салуу болуп, 7 бала каза болду (Видео 18+)

Автор -
0

Кытайдын Шэньси провинциясында мектептен чыгып бараткан окуучуларга белгисиз адам бычак менен кол салды. Алган жаракаттан улам 7 окуучу каза болду. Бул тууралуу Lenta.ru жазып чыкты.

Буга чейин 7 окуучу окуядан каза болгону айтылып, 12 окуучу ооруканага жеткирилген.

Окуучуларга кол салуу жума күнү кечки саат 18:10 чамасында болгон. Анда окуучулар мектептен чыгып бараткан учурда белгисиз адам бычак менен кол салган.

Окуучуларга кол салган жаран окуя болгон жерден кармалган. Сурак учурунда кылмышкердин өздүгү такталып, ал 1990-жылы туулгандыгы тастыкталган. Ошондой эле ал мурда кол салуу болгон мектепте окуганы аныкталган. Сурак учурунда кылмышкер өзүнүн окуучу кезиндеги классташтары тарабынан басмырлоолор, шылдыңдоолор көп болгонун айтып, ушундай жол менен кек алууну көздөгөнүн айткан.

Учурда укук коргоо органдары иликтөө иштерин улантууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү