Өлкөбүздө жыл башынан бери жол кырсыгынан 202 адам каза болду

Автор -

2018-жылдын 4 айынын ичинде жол кырсыгынан 202 адам каза болду, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,3% аз. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.

Бардыгы болуп 1 миң 580 жол кырсыгы катталган (2017-жылдын 4 айында – 1 миң 684), бул былтыркы жылга салыштырмалуу 6,2 пайызга аз. Каза болгондордун саны 202ден 167ге чейин азайган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,3% аз. Жаракат алгандардын саны 2 миң 416дан 2 миң 261ге чейин азайган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,4% аз.

Балдардын катышуусунда катталган жол кырсыгы 331 (330), былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5% көп. Каза болгон балдардын саны 11ден 20га чейин көбөйгөн, 81,8% көп. Жаракат алгандардын саны азайды — 376дан 360га чейин, 4,3% аз.

Республика боюнча 367 миң 350 (249 миң 749) жол эрежесин бузуу фактысы катталган.

Бөлүшүү