«Макмалда» курулуш иштери 10-мартка чейин токтотулбаса, жергиликтүү эл курулушту талкалайт

Автор -
234
OLYMPUS DIGITAL CAMERA

Жалал-Абад облусундагы «Макмал» алтын комбинатын куруу иштери 10- мартка чейин токтотулбаса, жергиликтүү эл курулуш иштерин талкалайт. Бул тууралуу Тогуз-Торо районуну караштуу Атай айылдык кеңешинин төрагасы Уланбек Шерипов маалымат жыйында билдирди, деп жазат «Марал радиосу».

Буга чейин Тогуз-Торо районунун жашоочулары кен казуу фабрикасынын иштешине каршы митингге чыгышкан. Алар бул комбинатты куруп жаткан кытайлык компаниядан мамлекетке эч кандай пайда түшпөйт жана элдин ден соолугуна гана зыянын тийгизет деген ойлорун айтышкан.

Маалыматтарга ылайык, жергиликтүү тургундар алтын ылгоочу комбинат калк жашаган аймакта жайгашкандыктан анын тез арада жабылышын талап кылышкан.

Маалым болгондой, жаңыдан курулуп жаткан заводду июнь айында ишке киргизүү пландалууда. Завод айына 165 кг алтынды ылгоо мүмкүнчүлүгү бар экени айтылган.

Бөлүшүү