Максатбек ажы Токтомушев Абу Дабидеги Эл аралык конференцияга катышууда 

Автор -
0

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Абу Дабиде өтүп жаткан «Мүмкүнчүлүктөр жана тобокелдиктер» аталышындагы Эл аралык конференцияга катышууда. КМДБ басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынды Бириккен Араб Эмираттарынын толеранттуулук министри шейх Нахайан бен Мубарак Аль Нахайян ачып, ал конференцияга 50 мамлекеттен 600 делегат катышып жаткандыгын айтуу менен башка мамлекеттер ортосундагы достук алакалары жакшырта тургандыгын билдирди.

Муну менен катар Эл аралык конференция алкагында тынчтыктын маанилүүлүгү жана алакалардын бекемделиши, улуттар арасындагы достуктун маанилүүлүгү жаатындагы бир топ маселелер каралды.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү