Мамашева: Ала качуудан улам көз жумган Бурулайдын өлүмүнө тийиштүүлөр жазасын алсын

Автор -
0

Бүгүн, 31-майда ЖКнын жалпы жыйынында депутат Айсулуу Мамашева милиция имаратында бычакталып, көз жумган 20 жаштагы Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө тийиштүүлөр жазасын алышы керектигин айтып чыкты.

«20 жаштагы Бурулай аттуу кыз кече жакында эле ала качуудан улам көз жумду. Эгер кызды уурдашса бул үй-бүлө үчүн уят. Ал эми аларга кылмыш иши козголгондо кыз тарап ар дайым кечирип тим болот. Мындай көрүнүш биздин улуттук көйгөйүбүз. Кыз ала качкан бала кызды милиция бөлүмүндө өлтүрүп жатат. Бул шалаакылык. Качан бул нерселер токтойт?», — деди депутат Мамашева.

Белгилей кетсек, 28-май күнү 29 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган.  Кыз алган жаракаттарынан улам оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү