Мамлекеттик мүлк башкаруу фондунун мурдагы төрагасы камакка алынды

Автор -

Мамлекеттик мүлк башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштери министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Болсунбек Казаков кечээ, 10-апрелде 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-берене (менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу) менен айыпталып кармалган.

Белгилей кетсек, сентябрь айынын аягында «Идеал Хаус» ЖЧКсына таандык объектилер боюнча аукцион өткөрүлүп, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына жакын жерде жайгашкан 48 VIP-коттедж 142 миллион сомго сатылган. Баштапкы баа 240 миллион сом менен башталып, кийин 130 миллион сомго түшүрүлгөн. 12 гектар жерди ээлеген жана мурда Бакиевдерге тиешелүү болгон 48 коттедждин сатылышы боюнча өкмөттүн дарегине түрдүү сөздөр айтылып келет.

 

 

Бөлүшүү