Масалиев: Экс-президенттер да жоопко тартылышы керек

Автор -
215
Сүрөт: Өкмөт

Жогорку Кеңештеги жыйынында  депутат Исхак Масалиев «Кыргызстандын экс-президенти» деген макамы барларга кол тийбестик кепилдигин берген мыйзамды өзгөртүш керек»,-деп айтты.

«Мамлекетти ким башкарганы ачык көрүнүп жатат. Башкарган киши мамлекетти бийлеген. Президент премьер-министрдин башын аттап түзмө-түз министрге буйрук бергени мыйзамга туура келбейт. Бул Конституцияны бузуу деген сөз. Мыйзамды өзгөртүшүбүз керек. Иштеп жаткан президентти импичмент аркылуу жоопко тартса болот экен. Депутатты да тартса болот. Экс-президентти эч ким эч качан эч нерсеге тарта албай экен да. «Кыргызстанда бир гана адам эч нерсеге жооп бербейт» деген Конституцияга да туура келбейт. Анын биринчи беренесинде «мыйзам алдында баары тең» деп жазылган»,-деп билдирди Масалиев.

Белгилей кетсек, Масалиев 10-майдагы ЖКнын жыйында ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайлар адилеттүү иликтениши үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алууну сунуштаган.

Бөлүшүү