Мээрим Догдурбекованын дебюттук тасмасы Читада эӊ мыкты көркөм тасма аталды

Автор -
395

Чита шаарында өткөн Забайкал Эл аралык кинофестивалында жаш кинорежиссер Мээрим Догдурбекованын «Бакыт» тасмасы эӊ мыкты кыска метраждуу көркөм тасма аталды.

Тасманын режиссеру Мээрим Догдурбекова билдиргендей, аталган кинофестиваль быйыл 7 ирет уюштурулуп, анда жалпысынан 352 тасма ат салышкан.

Жаш режиссердун тасмасында ат менен Бакыт деген 10 жаштагы баланын ортосундагы мамиле баяндалат. Бакыт айылда жашаган саяпкердин баласы. Мектептен сырткаркы бош убактысын аты менен өткөрөт. Өзү теңдүү чабандес бала экөө тең бир кызды жактырат. Атасы ат менен Бакытты ат чабышка даярдап жүрөт. Бирок, эртен ат чабыш деген күнү атын уурдап кетет.

Баса, буга чейин Дастан Жапар уулу жана Бакыт Мукул режиссердук кылган «Атанын керээзи» тасмасы Севастополь шаарында өткөн «Алтын Витязь» аттуу XXVII эл аралык кинофорумунда «Күмүш Витязь» сыйлыгына ээ болгон. Ал эми режиссёр Аскар Нуракун уулунун дебюттук  «Киноман» аттуу кыска метраждуу тасмасы эл аралык балдар «Mo&Friese» сынагына катышат.

Бөлүшүү