«Мегакомдо» иштеген 1500 кишинин орточо айлыгы 66 миң сомду түзөт

Автор -
0

Парламент бүгүн өкмөттүн 2017-жылдагы отчетту талкууланууда. Жыйындын жүрүшүндө  Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов «Мегаком» мамлекеттик ишканасынын жетекчилерине эмненин негизинде көп айлык коюлганына кызыкты.

«Мегакомдо» иштеген 1500 кишинин орточо айлыгы 66 миң сом экен. Ал эми жетекчилеринин айлыгы 20 миң долларга чейин экен. Кандай көрсөткүчтүн негизинде мындай айлык коюлган? Ишкананын демөөрчүлүк чыгымдары бир жылда 40 млн. сомго жакын экен. Мендеги маалымат боюнча бул акчаны өз айылына, туугандарына жумшайт экен», — деди Жамангулов.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү