Депутат:Москвада 500 млн долларга соода борборун сатып алган кыргыз ким?

Автор -
0

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов укук коргоо органдарын ичинен тазалоо зарыл деп бүгүн, 27-апрелдеги отурумунда билдирди.

«Мисал келтирейин. Москва шаарында кыргызстандык адам 500 млн долларга соода борборун сатып алды. Ал адам ким? Бизде ушундай бай адамдар барбы? Эгерде ал ушундай соода борбор сатып алып жатса салык төлөшү керек. Аны кайда төлөдү? Сиздерде бул тууралуу маалымат барбы?», — деп сурады ал.

Ага жооп узаткан Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын төрагасынын орун басары бул тууралуу маалымат беришерин айтты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү