Нарын облусу: Калың кардан дайынсыз жоголгон 800 баш кой-эчкинин 200ү табылып, калганы изделүүдө

Автор -
463

Нарын облусунда калың кардан дайынсыз жоголгон 800 баш кой-эчкинин 200ү табылып, калганы изделүүдө.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Ат-Башы районунда 23-май күнү саат 20:00 чамасында калың жааган кардын кесепетинен Ак-Сай өрөөнүндөгү Үч-Эмчек жайлоосунда Рысбек уулу Т. аттуу чабандын 800 баш кой-эчкилери ар-тарапка бөлүнүп, жоголгон. Кече, 24-май күнү чабан болжолу менен 200дөй кой-эчкисин таап, чогулткан.

КР ӨКМнин Ат-Башы райондук бөлүмүнү башчысы жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы 2 Нива, 1 Урал 1 КамАЗ унаалары менен жерине 65 түк чөп жүктөп чыгышып, саат 18:00дө «Кынды» чек ара заставасында түнөп калышкан.

Бүгүн Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан калган малдардын жоголгондугу тууралуу маалыматты тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

 

Бөлүшүү