Нурадин Рустамбек уулу бокс боюнча Азия чемпиондугунда коло медалды тагынды

Автор -
0

Кыргыз мушкер бокс боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда коло медалдын ээси болду.

Кыргыз Республикасынын бокс федерациясынан билдиришкендей, Таиланддын Бангкок шаарында өткөн мелдеште жалпы 30 өлкөдөн барган 200дөн ашуун спортчу 20 салмак ченинде күч сынашууда. Ага Кыргыз өлкөсүнөн машыктыруучу Кенжебек Акелбаевдин баштоосунда 7 спортчу катышты.

Алардын ичинен 69 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Нурадин Рустамбек уулужарым чейрек финалда ирандык мушкерди жеңип, чейрек финалда малайзиялык мушкерди утуп, жарым финалга өтө алды. Жарым финалдык баскычта мекендешибиз таиланддык мушкер менен беттешти. 3 раунддун жыйынтыгында таиланддык мушкер калыстардын бирдей чечими менен жеңишке жетип, финалга өттү. Ал эми Нурадин Рустамбек уулу бул көрсөткүчү менен коло медалды тагынды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү