Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан насыя алуу ишкерлер үчүн чоӊ көйгөйгө айланды

Автор -
286

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду ачылганда ишкерлер абдан сүйүнгөн. Андан бери 3-4 жыл өттү. Азыр андан жеӊилдетилген насыя алуу аймактардагы бизнесмендер менен өндүрүүчүлөр үчүн чоӊ көйгөйгө айланды. Өкмөт бул маселени оӊ жагына чечпесе болбойт. Кыргыз ишкерлери арызданып жатышат. Бул тууралуу депутат Акылбек Жамангулов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан насыя алуу өзүнчө эле чоӊ түйшүккө айланып калды. Насыя алуу жол-жоболору татаалдашып, бюрократиялык тоскоолдук арбыды. Депутаттар фонддун кызматкерлерине дипломатиялык статус баштаган бир жеӊилдиктерди бердик, бирок анын натыйжасы көрүнбөйт, иш майнабы байкалбайт. Жетекчилеринин кызмат ордунан табыш кыйын, карапайым ишкерлер кеӊсесине кире алышпайт. Кыскасы, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду баштагы алган багытынан тайды», — деди депутат.

 

Бөлүшүү