Орусияда кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды

Автор -
286

Орусиянын Кировск шаарындагы пляждан Кыргызстандын жаранынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу  орусиялык маалымат булактар жазып чыкты.

Маалым болгондой, 30-апрелде Кировск шаарында Нева дарыясынын жээгиндеги пляждан эркек кишинин жансыз денеси табылган. Жансыз дене табылган жерге келген укук коргоо органдары маркумдун 41 жаштагы Кыргызстандын жараны экенин аныкташкан. Ал Иркутск облусунда каттоого туруп, Ленинград облусунда мыйзамсыз жашаган.

Ошондой эле полиция маркум киши колдуу каза болгонун, анын башында жаракаттар бар экенин аныктаган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп учурда тергөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланат маалыматта.

 

 

 

Бөлүшүү