Ош: борбордук аянттагы Нооруз шаңына 10 миңден ашуун адам күбө болду

Автор -
788

Кечээ Нооруз майрамы шаардын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Россия,Казакстан мамлекеттеринин Ош шаарындагы консулдары шаардыктарды куттуктап сөз сүйлөштү.

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында “Нооруз –элдик нарктын, баалулуктардын кайра жаралуусунун негизи!” аттуу театралдык оюн зоок жана чоң программадагы концерт болду. Анда, “Аталар мурасы”, “Энелер насааты”, “Жыл тогошуу”, “Нооруз” жөрөлгөлөрү” көрсөтүлүп, жалпы шаар жаштары, маданият башкармалыгынын чыгармачыл тобу, белгилүү эстрада жылдыздары, бийчилер, искусство чеберлеринин катышуусунда концерт тартууланды. Ошондой эле,“Нооруз” майрамынын атрибуттары болгон аластоо, бата берүү салттары менен бирге, жалпы майрамдын катышуучуларына сүмөлөк таратылды.

Андан соң, Айыл-чарба техникумунун аянтында “Ыкчам боз үй тигүү” сынагынын финалы болуп, ордо, аркан тартыш, тогуз коргоол улуттук спорт оюндары уюштурулду.

Ага улай, С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Байыркы Ош баалуулуктары” сүрөт көргөзмөсү уюштурулат, Кыргыз каганатынын VI-VII-кылымдагы өнүккөн доорунун салттуу маданиятын чагылдырган “Элдик кол-өнөрчүлөрдүн” сынак-көргөзмөсү уюштурулуп, ал Кыргыз элинин оозеки чыгармачылы боюнча өткөрүлгөн кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнүн концерттик программасы менен коштолду.

Борбордук аянттагы “Нооруз-2018” майрамына 10 миңден ашуун шаардыктар жана шаар меймандары күбө болушту.

Мындан сырткары, шаар ичиндеги майрамдык аянттар, эс алуу жана сейил бактар майрам шаанисинде жасалгаланып калаа тургундары жана меймандары эс алышууда. Ошондой эле шаардын бардык аймактык кеңештеринде сүмөлөк кайнатылып, «Нооруз-2018» элдик майрамы көөнөрбөс каада-салттарга ылайык ыр бий, оюн-зооктордун коштоосунда өтүүдө.

Бөлүшүү