Ош ИИББинин кенже лейтенанты пара алып жаткан жеринен кармалды

Автор -
0

Ошто ички иштер башкармалыгынын кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 4-майда ИИМдин ички иликтөө кызматына Оштун тургуну кайрылган. Ал өз арызында милиция кызматкери анын ишин жакшы жакка чечип берем деп акча талап кылып жатканын билдирген.

Аталган факты боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 313-304-беренелери (акча талап кылуу, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

«22-май күнү Ош ИИББинин кенже лейтенанты пара алып жаткан жеринен кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү