Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор -

2018-жылдын 9-майында саат 16:41де Афганистан Республикасында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында 4 баллга, Ош шаарында жана республиканын чек арага жакынкы аймактарында 3 баллга сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

Бөлүшүү