Ош шаарында уюшкан топтун эки мүчөсү кармалды

Автор -
0

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка  ылайык , Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ю.М. аттуу жаран кайрылып, 20-май күнү болжол менен саат 21:30 чамасында базарлардын биринен жанынан белгисиз эки адам унаасына салып кетип ур-токмокко алышканын айткан. Жабырлануучу денесине алган жаракаттарынын оордугун текшерүү үчүн соттук-медициналык эспертизадан өтүүгө жөнөтүлгөн.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары 33 жаштагы Р.Н., жана 33 жаштагы А.М., кармалган. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.

Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) жана 167-беренеси (тоноо) менен кылмыш иштери козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү