Ошто эң мыкты мекеме, ишкана жана муниципалдык кызматкер сыйланды (Фото)

Автор -
296

Бүгүн, 25-июнда Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү салтанаттуу белгиленип, сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө, шаардагы эң мыкты мекеме, ишкана жана муниципалдык кызматкер сыйланды.

Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жергиликтүү өз алдынча  башкаруу тутумун өнүктүрүүгө кошкон бараандуу салымы жана муниципалдык кызмат көрсөтүү жаатындагы жогорку көрсөткүчтөрү үчүн Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети  “Эң мыкты муниципалдык мекеме” номинациясына ээ болду.  Ал эми, “Эң мыкты муниципалдык ишкана” номинациясы менен “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасы сыйланса, “Эң мыкты муниципалдык кызматкер” наамына Ош шаарынын мэриясынын  уюштуруу-кадрдык иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Гүлүмкан Нарматова татыды.

Дипломдорду жана акчалай сыйлыктарды Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырып, мындан ары чоң ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү