Ошто Энелер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди 

Автор -
480

Бүгүн, 18-майда Ош шаарынын мэриясында  энелер күнүнө арналган  майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, баатыр энелер, эмгек баатырлары, коомдук ишмер айымдар катышты.

Шаар мэри бүгүнкү күндө энелер тынчтыктын жана биримдиктин башаты экендигин белгилеп, жалпы апаларды энелер күнү менен куттуктады.

«Бул күн дүйнөдөгү эң кымбат, эң назик энелерге гана таандык. Эне деген ыйык сөзгө таазим этүү менен бүт Кыргызстандык асылзат айымдарды, апалар, эжелер, карындаштарды  бул маанилүү майрамдары менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм. Энелер жөнүндө кандай гана алкоо, кандай гана мактоо айтпайлы сиздер ага татыктуусуздар.  Эне үйдүн куту, турмуштун туткасы, дешет элибизде. Сиздер ажарлуу жүзүңүздөр, айкөлдүгүңүздөр, акылмандыгыңыздар жана туруктуулугуңуздар менен биздин турмушубуздун көркүн ачып, ынтымактын, биримдиктин данакери жана сулуулуктун символу болуп келесиздер.   Бул салыштыруулар жөн гана кооз сөздөр эмес, турмуш чындыгы экендигин эч ким тана албайт», — деди А. Кадырбаев.

Майрамдык иш-чаранын негизинде А.Кадырбаев шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө  кошкон салымы жана келечек муундарды тарбиялоодогу кошкон жигердүү эмгеги үчүн 50гө жакын энеге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана 500дөн ашуун энелерге баалуу белектерди тапшырды.

Жалпы катышуучуларга эне жөнүндө спектакль көрсөтүлүп, белгилүү ырчы бийчилердин коштоосунда концерттик программа тартууланды.

Айта кетсек, учурда Ош шаарында 650 «Батыр эне», 115 «Эне даңкы» медалынын ээси бар.

Бөлүшүү